Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Жалал-Абатта ыңкылаптын колдоочулары Элдик курултай өткөрөт


Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында убактылуу өкмөттүн колдоочулары президент Курманбек Бакиевдин жоопкерчилигин талдаган Элдик курултай өткөрөт. Бул тууралуу убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Ал президент Курманбек Бакиевге байланыштуу маселелерди талкуулаган жыйын Ошто да өтүшү ыктымал экенин айтты. Кечээ убактылуу өкмөт К.Бакиевди президенттик кол тийбестик укуктан ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Жакын арада аны кармоо боюнча атайын операция өтөт, дейт А. Бекназаров. К. Бакиев кечээ Жалал-Абад шаарында өткөн митингде кандуу окуяда күнөөсү жок экенин дагы бир жолу белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG