Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу дайындалды


Бүгүн 30-40тай жаштардын тобу, алардын көбү аялдар Жалал-Абад мэриясынын имаратына кирип барышып, убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган мэрдин милдетин аткаруучу Медер Үсөновду кызматтан алышып, өздөрүнүн өкүлү Асылбек Таштанбековду мэр кылып дайындашты. Жаңжал чыгып кетпөөсү үчүн шаар администрациясынын имаратынан чыгып кеткенин Медер Үсөнов “Азаттыктын” кабарчысына тастыктады.
Маалыматка караганда учурда Жалал-Абадда өтүп жаткан Элдик курултайда К.Бакиевдин тарапкерлери микрофонду алып алышып курултай өткөрүүчүлөргө сөз бербей коюшту. Областык бийликтин өкүлдөрү элдин коопсуздугу үчүн курултай өтүп жаткан жерден кетип калышты. Мурдагы губернатор Жусупжан Жээнбеков Элдик курултайды азыркы облбийлик начар уюштургандыгын белгилеп, өблустагы кырдаалды эске алып губернаторлук кызматка талапкерлигин кое тургандыгын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG