Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:27

Уруу өкүлдөрү К. Бакиев менен сүйлөшкөнү барат


Бүгүн Бишкекте кыргыздын үч канатын бириктирген “Эл биримдиги” коомунун курултайы өттү. Ага 32 уруунун өкүлдөрү, баш-аягы 250дөй делегат катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Элдик кеңеш” кыймылынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, жыйында учурдагы саясий кырдаал талкууга алынып, өлкөнү түндүк-түштүк кылып бөлүүгө, жарандык согушка жол бербөө керектиги айтылды. Ошондой эле утурумдук бийликти мыйзамдаштыруу жолдору тууралуу сөз болду. Ал үчүн кырк уруунун 40 өкүлүн президент Курманбек Бакиевге жиберүү чечими кабыл алынды. Алар президенттен өз ыктыяры менен кызматын тапшырып берүүсүн, учурда жасап аткан аракеттерин токтотууну суранып, анын айынан жалпы тейит уруусу уят болуп атканын айтышат. “К.Бакиевге бара турган уруу өкүлдөрү эртең өтчү жыйында белгилүү болот”, - деди М. Чолпонбаев. (AiJu)

XS
SM
MD
LG