Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Н.Назарбаев: Казакстан Кыргызстанда дагы бир кан төгүүнүн алдын алды


Казак президенти Нурсултан Назарбаев маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын мурдагы өлкө башчысы менен өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу сүйлөшүү өтө оор болгонун айтты. Бул тууралуу “Борборазиялык маалымат борбору” маалымат агенттиги жазып чыкты. “К.Бакиев өлкөдө кала берүүнү эп көргөн, бирок бул абалды оорлотуп жиберет эле”, - дейт Н.Назарбаев. Анын айтымында, утурумдук өкмөт да мурдагы президент үчүн учактын конуусуна каршылык көрсөтүп, араң макул болду.

Курманбек Бакиев кечээ кечинде атайын аскердик учак менен Жалал-Абад шаарынан Казакстанга учуп кеткен. ЕККУ “Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Дмитрий Медведевдин биргелешкен аракетинин, ошондой эле ЕККУ жана Улуттар Уюму, Европа Биримдигинин активдүү арачылыгы менен Кыргызстандын убактылуу өкмөтү жана президент Курманбек Бакиевдин ортосунда аны өлкөдөн сыртка жөнөтүү тууралуу келишим түзүлдү”, - деп билдирген. (AiJu)

XS
SM
MD
LG