Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Темир Сариев улуттук госпиталда жаткан ыңкылаптын катышуучуларын барып көрдү


Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев бүгүн улуттук госпиталга барып, апрель ыңкылабында жарадар болгондордун ал-акыбалын сурады, акчалай жардам көрсөттү.

- Оор жаракат алгандар бар экен, реанимацияда эки адам катуу болуп жатат. Аларды көрүп, кичине жөлөк пул бердим. Палатада жаткандар жаш балдар бар экен. Алар менен сүйлөшүп акчалай жардам таштап кеттим, көптөрү ошого мажбур экен. Мен өкмөттө маселе коюп, жакын аранын ичинден мамлекет бөлгөн акчаны аларга берүүнү тездетебиз, -деп айтты Т. Сариев “Азаттыкка”.

Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтү апрель ыңкылабынын маалында оор жаракат алгандарга 100 миң сом, жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон жардам берүү жөнүндө чечим кылган.

Т. Сариевдин айтымында, 7-апрелде каза болгондордун акчасы алардын жакындарына учурда берилип атат. Алардын алтымыштайынын акчасы берилип бүттү.

Убактылуу өкмөт мындан мурда, 7-апрелдеги кандуу окуяда каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилерин убада кылган болчу.

7-апрелдеги кандуу окуяда 84 адам каза болуп, 1600 чамалуу адам жаракат алган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG