Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

“7-апрель” кыймылы Белорус элчилигинин алдына пикетке чыкты


Кыргызстандагы Белорус элчилигинин алдында мурдагы президент Курманбек Бакиевге саясий баш паанек сунуш кылган президент Александр Лукашенконун пикирине каршы пикет өтүп жатат. Бул тууралуу “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, кыймылдын алты мүчөсү “Лукашенко баш кесер Бакиевди кабыл алба”, “Лукашенко биз сиздин пикирге каршыбыз” деген плакаттар менен турат. Учурда пикетке чыккандардын эки өкүлүн элчиликтин кызматкерлери кабыл алууда.

“7-апрель” кыймылы шейит кеткендердин иш-максаттарын турмушка ашыруу, алардын арбагын ыраазы кылуу, коомдук тазалык үчүн аракеттенүү максатында кандуу апрель окуясынан кийин түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG