Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Жалал-Абадда милиция башкармасынын айланасында атышуулар болду


Жалал-Абаддагы кабарчыбыз шаардагы милиция башкармасынын айлана-тегерегинде атышуулардын үнүн укканын ырастады. Ички иштер башкармасынын кызматкерлери кимдер ок чыгарып жатканын билишпейт. Бүгүн бул жакта экс-президент К. Бакиевдин жактоочулары каршылык акциясына чыгып, областтык акимчиликти ээлеп алышкан. Алар өздөрү облуска губернатор кылып шайлаган П. Рахманов өз кезегинде облустук милиция башкармасына жетекчи кылып К. Эргешовду дайындап, бүгүн аны ИИБге алып бармакчы болуп жаткан. Жалал-Абаддагы экс-президент К. Бакиевдин жана экс-коргоо министри Б. Калыевдин жактоочулары Убактылуу өкмөттү тааныбай каршылык акциясына чыгып жатышат. Алар бүгүн облустук акимиаттын алдына боз үйлөрдү тигип, каршылык акциясын эртең улантышмакчы. (KC)

XS
SM
MD
LG