Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

М.Лёнинг: Германия Кыргызстандагы адам укугу үчүн


Германия федералдык өкмөтүнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Маркус Лёнинг Кыргызстандагы абал боюнча билдирүү таратты. Анда мурунку президент Курманбек Бакиев кызматынан четтегени Кыргызстандагы абал турукташат деген үмүт оту жанганы белгиленген. “Убактылуу өкмөт адам укугун коргоого алаарын, жарандарга жаңы Башмыйзамды референдум аркылуу добушка коерун жана алты айдан кийин шайлоо өткөрүү боюнча билдирүүлөрүн айтып атат. Мен адам укуктарын сыйлоого багытталган бул билдирүүлөрдү колдоого алам”, – деген Маркус Лёнинг. Германия федералдык өкмөтүнүн адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Германия Борбор Азиядагы демократиянын өнүгүшү үчүн кайдыгер эмес экенин айтып, 2007-жылы Евробиримдикке төрагалык кылган мезгилде ЕБтин Борбор Азия боюнча стратегиясы кабыл алынганын белгилейт. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG