Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Бектур Асанов губернатор кызматына отурду


Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов борбордук аянтта өтүп жаткан митингде сөз сүйлөп, элди ынтымакка чакырды. Ал 7-апрелден бери Бакиевди, анын кылган эмгектерин сыйлап митингге уруксат берилип келгенин, мындан ары уруксат берилбей тургандыгын айтты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, облустук бийликтин басма сөз катчысы Орозалы Карасартов Бектур Асановдун өз кызматына отурганын кабарлаган. Ошондой эле Б.Асанов митинг кайрадан улантылаарын, ал жерге микрофон коюла турганын айткан. Ал эми 19-апрелде Бакиевдин тарапкерлери шайлаган губернатор Пайзуллабек Рахманов бүгүн жумушка келбегени кабарланууда.

Ушул тапта Б.Асановдун тарапкерлери тигилген боз үйлөрдү бузуп жатышат. Аны 20-апрелде митинг өткөргөн Бакиевдин жактоочулары тиккен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG