Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Бангкоктогу жарылуудан кеминде үч адам өлдү


Таиланд башкалаасынан түшкөн кабарларга караганда, андан сырткары 50дөй киши жаракат алды. Кол гранаталар өкмөттү колдогон демонстранттар арасында жарылган. Жабыр тарткандардын кеминде бирөөсү чет өлкөлүк. Бангкокто азыркы премьер-министр Абхисит Ветчачиванын өкмөтүн мыйзамсыз деп эсептеген демонстранттар бир нече аптадан бери нааразылык акциясын өткөрүп, өкмөттүн кызматтан кетишин, жаңы шайлоо жарыяланышын талап кылууда. “Кызыл көйнөкчөндөр” деп аталган демонстранттарга каршы туруу үчүн көчөгө өкмөттүн жактоочулары да чыккан.

XS
SM
MD
LG