Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Элмурза Сатыбалдиев көрсөтмө берип жатат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын тейлеген мүчөсү Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, коопсуздук боюнча мурдагы мамлекеттик кеңешчи, экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевден сырткары мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев көрсөтмө берүүдө. Маалыматка ылайык, булардын бардыгына кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. А.Бекназаров мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумаматов, Жаныш Бакиев жетектеген Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев изделип жаткандыгын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG