Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Кытай: Экономикалык кызыкчылык СПИДди жеңди


Кытай өлкөгө СПИД менен ооруган жана ВИЧ инфекциясын жугузуп алган чет элдиктерди киргизбөө жөнүндөгү чечимин жокко чыгарды. Мындай чечим ишемби күнү Шанхайда ачылчу Expo 2010 эл аралык көргөзмөсүн утурлай жасалды. Көргөзмөнү көргөнү 100 миллион адам, анын ичинде 4 миллион чет элдик келет деп болжолдонууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай өкмөтүнүн чечимин “туура багыттагы кадам” деп жактырды. 50дөн көп өлкөдө ВИЧ илдети жуккан адамдарды чектөө боюнча атайын мыйзамдар бар.

XS
SM
MD
LG