Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

СССР Конституциясын самаган жаранды мэрге киргизбей кууп чыгышты


“СССР Конституциясы” элдик кыймылдын комиссары Чоро Сарыпбеков СССР Конституциясын калыбына келтирүү талабы менен чыгып жатат. Ал ушул сунушту Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу И.Өмүркуловго айтуу ниетинде жолугууга жазылган. “Бирок мэрдин милдетин аткаруучу кабыл алган жок. Ал жакта мени милиция кызматкерлери кууп чыгып, тез жардам чакыртып, психикалык ооруканага өткөрүп беришти”, - дейт Ч.Сарыпбеков.
Өткөн жылы, 4-апрелде аталган кыймыл ушуга карата кол топтоо учурунда мурдагы мэр Нариман Түлеев Ч.Сарыпбековду беш сутка камап койгон. Ал ушул багытта кол топтоону кайрадан улантат жана ал мэриядан түшүнүк кат жазып берүүсүн талап кылууда жана мэрди сотко берүүгө камынууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG