Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Бүгүн Грекияда ири нааразылык жыйындары өтөөрү күтүлөт


Грекия өкмөтү өлкө карызы маселесин чечүү үчүн белди бекем бууй турган жаңы чараларды сунуштаган. Дал ушул чараларга каршы 1-Май эмгекчилердин эл аралык тилектештиги күнү демонстрациялары өткөрүлөөрү күтүлүүдө. Премьер Георгиос Папандреу антикризистик чаралар жумуш орундарын кыскартуу жана салыктарды көбөйтүү аргаларын камтый турганын билдирген.
Ушул апта соңунда Евробиримдик менен Эл аралык Валюта Кору расмий Афина менен кошумча сүйлөшүү жүргүзмөкчү. Үч жыл ичинде 120 миллиард евро карыз алуу үчүн расмий Афина тийешелүү жаңы антикризистик чараларды иштеп чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG