Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Нью-Йоркто жардыруу жасоо аракетине катышы бар адам изделүүдө


Шаардык полициянын билдиргенине караганда, алар азыр жардыруу жасоо аракетине тартылган болушу мүмкүн деп эсептелген адамды аныктоо үчүн байкоочу камералардын тасмасын текшерүүдө. Нью-Йорк полициясынын башчысы Рэймонд Келлинин айтымында, "жашы 40тардагы ак түстүү эркек" изделип жатат. Камералар аны жардыруучу зат салынган автоунааны айдап келген кезде тартып калган. Рэймонд Келли ошондой эле азырынча полицияда бул аракетке талибдердин тиешеси бардыгы боюнча эч далил жок экенин билдирди. Мунун алдында АКШнын Интернеттеги маалыматтарга мониторинг жүргүзүүчү кызматы Нью-Йоркто дүрмөттөлгөн автоунааны жардыруу аракети үчүн пакистандык талибдер жоопкерчилик алган видеотасма пайда болгондугун кабарлаган эле. “YouTube” сайтындагы тасмада айтылгандай, согушкерлер жакында Ирактагы аскерий операция учурунда “ал-Каиданын” эки лидери жок кылынгандыгы жана учкучсуз башкаруудагы америкалык учактардын Пакистандагы соккулары үчүн өч алууну көздөшкөн. Жардыруучу зат салынган автоунаа Нью-Йорктун борбордук Таймс-сквер аянтынан ишемби күнү кечинде табылып, зыянсыздандырылган. Полицияга шектүү машинадан түтүн чыгып жатканын көргөн адамдар кабарлаган.

XS
SM
MD
LG