Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Камбарата-2 ГЭСинин жумушчулары Э.Байсаловго кайрылуу жолдошту


Анда аталган ГЭСтин куруучулары Камбар-Ата-2 ГЭСинин сырткы көзөмөл жетекчиси болуп Убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган Темирбек Ызаковдун иш аракеттерине нааразылык билдиришкен. Жаңы жетекчинин келиши менен куруучу жаштар жумуш ордуларынан бошотулуп жатканы, күзөт бөлүмүнүн башчысы Замир Үсөновдун ордуна Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаевдин күйөө баласы Зыпар Мырзалиевди дайындашканы айтылат. Куруучулар Убактылуу өкмөттү үй-бүлөлүк, тууган уруучулук башкарууга жол бербөөгө чакырган.
Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев болсо анын күйөө баласын жумушка койду деген куруучулардын дооматы негизсиз экендигин, жалгыз карындашынын күйөөсү жоктугун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Камбар-Ата-2 ГЭСине буга чейин Максим Бакиев менен Алексей Ширшовдун дайындаган кадрлары ГЭСтеги курулуш материалдарын уурдого жол берип жатканынан улам алардын ордуна жаңы кызматкерлерди дайындоого мажбур болушкан.
“ГЭСтеги материалдарды талап-тоноого жол берилбейт. Буга байланыштуу алдыда бир катар кызматкерлер менен жумушчуларды бошотуу маселеси каралат”,-деди Осмон Артыкбаев. (AJ)

XS
SM
MD
LG