Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

А.Атамбаев кечээ К.Жороевдин тарапкерлерин кабыл алды


Кечээ кечинде Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороевдин тарапкерлеринен өкүлдөрдү кабыл алды. А.Атамбаев аларды сабырдуулукка, нааразылык акцияларын токтотууга чакырды. Ал ошондой эле Каныбек Жороевге байланыштуу укук коргоо органдары тергеп-иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин күнөөсү жок болсо акталарын айтты. Бул тууралуу К.Жороевди колдоп кечээ митингге чыккан демилгечилер тобунан “Азаттыкка” билдиришти.

3-майда Каныбек Жороевдин тарапкерлери анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулбаса Баткендеги эки миңден ашуун адам Кыргызстан менен Тажикстанды байланыштырган автожолду тосо тургандыктарын билдиришкен.
Башкы прокуратура 29-апрелде К. Жороев сурак бергени келгенде камакка алынганын, ага апрелдеги кандуу окуяларга байланыштуу кызматынан пайдаланган деген айып коюлганын маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG