Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Женевада Кыргызстандагы адам укуктары боюнча отчет угулду


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча төрт жылдык отчетун Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева тааныштырды. Жыйында 60ка чукул мамлекеттин өкүлдөрү Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттү тааный тургандыгын билдиришип, апрел ыңкылабында каза болгондорго көңүл айтышты. Алар Кыргызстанда демократиялык өнүгүүгө багытталган Конституцияны калыбына келтирүү, жакырчылыкты жоюу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзгөчө көңүл буруу жана жардам берүүнү сунуштап, апрел окуяларында адам өлүмүнө жол берилгендигине тынчсызданышты.

БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңеши уюштурган Женевадагы жыйында “Адам укугунун универсалдык отчету” угулуп, ага Кыргызстандан Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева, БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Мухтар Жумалиев, акыйкатчы Турсунбек Акун, аскер прокурору Айбек Турганбаев, эмгек жана миграция министринин орун басары Нуриля Жолдошева катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG