Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

КМУда «Теология жана социология» бөлүмү ачылды


Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Гуманитардык билим берүү институтунун алдында «Теология жана социология» бөлүмү ачылды. Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы жиберген маалыматка караганда, бул бөлүмдү ачуу тууралуу идеяны аталган университеттин ректорунун милдетин аткаруучу Төлөбек Абдрахманов үч жыл мурда көтөрүп чыккан. Бөлүмдүн башчысы Эрмек Бектуровдун айтымында, «Ассанабиль» фондунун президенти Саид Баюминин көмөгү менен компьютердик лаборатория түзүлүп, электрондук китепкана, медиа класстар ачылды. Ошондой эле, муктаж студенттерге 33 % окуу төлөмү аталган фонд тараптан каржыланат. Кабинеттерди заманбап оңдоп-түзөө жана бир жылдык окуу программасын аткарууну кошкондо жалпы жумшалган сумма миллион сомду түздү.

Беш жылдык билим берүүнүн натыйжасында студенттер жогорку билимдүү деген дипломго ээ болуп чыгышат. Башка университеттерде окутулган мамлекеттик стандарттагы гуманитардык сабактар жана табият таануу сабактары менен бирге кесиптик сабактар да окутулат. Дин ишеним адабияты сабагында Куран же башка ыйык китептердеги тексттер пайгамбарлардын асыл сөздөрү, акыл-насааттары өтүлөт. Диндер тарыхы, диндер арасында диалог, дин философиясы, дин укугу жана ушул сыяктуу сабактар да окутулат.

Бөлүмдө кызмат кылган отузга жакын окутуучулардын көпчүлүгү тажрыйбалуу окутуучулар. Билим берүү негизинен кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Буга кошумча орус, англис жана араб, түрк тилдери окутулат. Тил окутуу сыяктуу эле информатика сабагына да чоң маани берилүүдө. Бүтүрүүчүлөрдү келечекте чет өлкөлөрдөгү университеттерден аспирантурада окутуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда.

Студенттер кыргыз орто мектептеринде «адеп» сабагына мугалим боло алат жана муфтияттын карамагында казылык, медреселерде мугалимдик, жогорку бийлик бутактарында, коопсуздук кызматында, коомдук уюмдарда серепчи, кеңешчи, эркин котормочу жана диний кызматтарды аткара алышат.

XS
SM
MD
LG