Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Иран Бразилия ортомчулук кылуусуна көнүүдө


Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Бразилия өзөктүк отунду алмаштыруу боюнча Улуттар уюму колдогон макулдашууну жандандырууга аракеттенишине принцибинде макул болду. Бул тууралуу Ирандын жарым расмий Фарс жаңылыктар агенттиги кабарлады. Мунун алдында Бразилиянын президенти Луиз Инасио Лула да Силва анын өлкөсү Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Батыш менен тирешин жөнгө салууда жардам берүүгө даяр экендигин айткан эле. Батыш өлкөлөрүнүн тынчыздануусун басаңдатуу максатында иштелип чыккан ал макулдашууга ылайык Иран аз байытылган уранын өзөктүк отунга алмашуу үчүн четке жиберет. Бирок макулдашуу Тегеран алмашуу Ирандын ичинде жүргүзүлүүсү керектигин талап кылгандыктан улам үзгүлтүккө учураган. АКШ, Франция, Орусия бул келишим боюнча кайра сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Учурда Вашингтон Иран уран байытуудан баш тартканы үчүн ага каршы БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларынын төртүнчү айлампасы киргизилүүсү үчүн аракеттенүүдө. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ушул аптада Улуттар уюмунда өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча өткөн конференцияга катышкан кезинде Иран кандай санкция болбосун, ага каршы турарын айтты. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон конференциядагы сөзүндө Ирандын өзөктүк амбициясы дүйнөдө кооптуу жагдай жаратып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG