Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Түндүк Корея өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө кайтууну көздөйт


Бул тууралуу Кытайдын маалымат каражаттары билдирүүдө. Алардын кабарына караганда, расмий Пхеньяндын жогорудагыдай ниети бардыгын Түндүк Корея лидери Ким Чен Ир апта башында Бээжиндеги сапары учурунда кытай президенти Ху Цзиньтаого жеткирген. Ким Чен Ирдин четке өтө сейрек жасалуучу бул сапарынын жүрүшү жашыруун сакталды. Түндүк Кореянын өзүнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жолбашчы Кытайда болгонун бүгүн гана ырасташты. Түндүк Корея аны өзөктүк программадан баш тарттырууну көздөгөн алты тараптуу сүйлөшүүдөн бир жыл мурда чыгып кеткен. Мунун артынан өзөктүк сыноо өткөргөндө, Улуттар уюму санкцияларын күчөткөн болчу. Алты тараптуу сүйлөшүүгө Түндүк жана Түштүк Кореядан тышкары АКШ, Орусия, Жапония жана Кытай тартылган.

XS
SM
MD
LG