Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Москвада Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган аскерий парад өтөт


9-майдагы аскерий парадга Орусиянын өзүнөн 10 миң ашуун аскер жана түрдүү техникалар катышат.
Кызыл Аянттагы парадга катышуу үчүн биринчи жолу Экинчи дүйнөлүк согуш кезиндеги союздаштар: АКШ, Британия, Франция, Польшадан аскерлер чакырылган.

Улуу Жеңишке арналган парадга Кыргызстандан да согуш ардагерлери жана 70тен ашуун аскер катышат.

Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Москвага жөнөп кетти. Отунбаева сапар учурунда Орусия президенти Дмитрий Медведев жана башка ырасмий адамдар менен жолугушат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG