Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Чаектин тургуну өзүн өзү өртөө акциясына даярданып жатат


Мындай маалыматты Жумгал районунун Чаек айлынын тургуну Эраж Кумарбеков 8-Майда "Азаттыкка" кабарлады. Анткени ал акыркы эки үч жылда Азия Универсал Банкынын Жумгалдагы филиалынан насыяга алган акчасын төлөй албай, анын айынан үйсүз калып олтурат. Бирок ал документтер мыйзам бузуулар менен толтурулуп, насыянын бир бөлүгүн ал кездеги банктын кызматкери өзүнө алып алган. Бул боюнча ушул жылдын акыркы үч айында беш жолу сот болду. "Апрель окуясынан кийин сот акыйкат чечет деген ишеничим жоголду. Мен ошондуктан 24-майда өзүмдү өзүм өрттөйм деген кайрылуумду Жумгал районунун акиминин милдетин аткаруучу Мырзабек Бегалиевге тапшырдым",- дейт Э.Кумарбеков. Акимдин милдетин аткаруучу менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Облустук администрациянын бул боюнча кабары жок экен. (JI)

XS
SM
MD
LG