Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Иран Батыш менен сүйлөшүүгө ынады


Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча Батыш менен жаңы сүйлөшүүгө барууга даяр. Бул жөнүндө Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Ыстамбулдагы визити учурунда айтканын Түркиянын маалымат булактары кабарлашты.

Ырасмий Анкара мурдараак Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Саид Жалили менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон айымдын жолугушуусун өткөрүүнү сунуш кылган болчу.


АКШ башындагы Батыш өлкөлөрү Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенет. Учурда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Тегерандын уранды байытуудан баш тарттыруу үчүн жаңы санкция киргизүү аракетин кылууда.

XS
SM
MD
LG