Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Бүгүн апрел ыңкылабында каза болгондордун кыркылыгы өткөрүлөт


7-апрел ыңкылабында каза болгон 85 балага куран окутулуп, алардын айрымдарынын сөөгү коюлган “Ата Бейит” мемориалдык комплексиндеги бейиттерге гүл чамбарлар коюлат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле каза болгондордун жакындарына “Жал” кичирайонунан 126 батирлик көп кабаттуу үйдүн курулушунун пайдубалына таш коюу иш-чарасы өткөрүлөт. Ал эми Тарых музейинде 6-7-апрелдеги кандуу окуяны чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү шейит кеткендердин жакын туугандары менен жолугушат.
6-7-апрелде эл көтөрүлүп, бийликтин аткан огунан 85 адам каза болуп, 1500дөн ашуун адам жаракат алган. Алардын 500гө чукулу ооруканаларда дарыланышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG