Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

И. Масалиевди тарапкерлери УКМКдан чыгарып кетишти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын мурунку айрым депутаттары менен беш-алты адам Улуттук коопсуздук кызматынын баш кеңсесине кирип барышып, И. Масалиевди чыгарууну талап кылышкан соң, ал бошотулган.

К. Загибаев И. Масалиевди кармоо негизсиз жана мыйзамсыз болгон, деп билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы И. Масалиев 7-апрелдеги окуяларды иликтөө-тергөө иштери боюнча күбө катары сурак берүүгө гана чакырылган деген маалымат таратты.

Ал эми УКМКнын (Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитеттин) төрагасынын биринчи орун басары М. Бекеновдун айтымында, Исхак Масалиев мырза көрсөтмө берүү үчүн коопсуздук кызматынын баш кеңсесине алынып келинген.

И. Масалиев өзү аны убактылуу кармоонун чоо-жайы жөнүндө эки сааттан кийин 24.kg маалымат агенттигинде басма сөз жыйында баяндап бермекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG