Бүгүн Бишкектеги Өспүрүмдөрдүн жана балдардын “Сейтек” борборунда “Жаңы ысымдар” аттуу сынак өтөт. Ай сайын өтүп туруучу бул сынакка 4 жаштан 25 жашка чейинки ыр жана бийге шыктуу таланттуу улан-кыздар катышат. “Жаңы ысымдар” аттуу сынактын өзгөчөлүгү – жылдын аягында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга ырына тасманы бекер тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" сынактын уюштуруучусу Алексей Филатов билдирди. (ZMa)