Дубандагы кабарчыбыздын билдирүүсүндө кырдаал курчуп баратат. Азырынча ок кайсыл тараптан атылып жатканы белгисиз болууда. Тараптар бири-бирине күйүүчү заттар куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышат. Бакиевчилер убактылуу өкмөт тарапкерлерин Ленин көчөсүнөн сүрүп чыгарууда. Мурдарак орун алган ок атышуу, таш ыргытуудан 28 адам ооруканага тушкөн эле. (EK)