Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун алдында пикет өткөрүп атышкан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин тарапкерлеринин жанына элүүдөн ашуун Убактылуу өкмөттүн саясатын колдогон “Ала-Тоо” коомдук уюмунун адамдары барышты. Бул тууралуу окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы маалымдайт. Алар И.Масалиевдин соңку баш аламандыктарга тиешеси бар экенин, анын Бакиевдер менен ушул кезге чейин тыгыз иштешип келгенин, андай адамды колдобоо керектигин айтышып, анын тарапкерлерин таркоого үндөшүүдө.
Тараптарды бири-бирине жакындатпай ондогон милиция кызматкерлери күзөтүп турушат. (IJz)
Тараптарды бири-бирине жакындатпай ондогон милиция кызматкерлери күзөтүп турушат. (IJz)