Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Жалал-Абадда элдик кошуундар куралат


17- майдан тарта шаарда 300, облуста 2500 адамдан турган элдин кошуун курала баштайт. Шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Мухамед Мамашевдин айтымында, азыркы учурда арасында милициянын атайын даярдыктагы аскери бар 30 адам Жалал- Абаддын тынчтыгына көз салууда. 14- майдагы окуя боюнча эки автоунаа жана ок атуучу 12- 16- калибрдеги эки кыска мылтык жана бир тапанча табылганын билдирди. Шаар прокурору Баймурза Жаанбаевдин айтымында жума күндөгү окуя боюнча кылмыш иштери козголуп, ага тиешелүү адамдарга издөө жарыяланды. Кара-Көл шаарынан кармалган облустун мурдагы губернатору К. Масиров 15-16- майда облустук прокуратурада сурак берди. (YA)

XS
SM
MD
LG