Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Р.Отунбаева: Убактылуу өкмөт кан төгүүлөргө жол бербейт


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн өкмөт жыйыны башталаар алдында ушундай билдирүү жасады. Отунбаеванын айтымында, Убактылуу өкмөттүн Түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков түштүктөгү өз кеңсесинде телефон аркылуу кырдаалды көзөмөлгө алып жатат. Облустук бийлик жана тартип коргоо органдары тартип сактоо аракеттерин көрүүдө. Убактылуу өкмөт чагымчыл аракеттерге, кан төгүүлөргө жана баш аламандыкка жол бербейт жана ага күчү, мүмкүнчүлүгү жетет деп билдирди.

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында өткөн митингдин катышуучуларынын бир тобу шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып, “Элдердин Достугу” университетинин имаратын таш бараңга алгандыгы кабарланды. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда университет жайгашкан Ленин көчөсүндө ок атылды. Жабыркагандар болгон-болбогондугу тууралуу маалымат тарай элек. (GA/BuS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG