Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Елена Баялинова билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Элдердин достугу” университетинин жанында демонстранттарга ок атуу болуп алардын арасынан бир кишиге ок тийип, ал Сузак райондук аймактык ооруканасына жеткирилгенде каза болгон. Ал эми жарадар болгон 16 адам Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилген. (AJ)