Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Тайланд: Кызыл жегдечендердин башчылары багынды


Тайландык аскерлер кармаган анти-өкмөттүк козголоңдун катышуучулары. Бангкок. 19-май 2010
Тайландык аскерлер кармаган анти-өкмөттүк козголоңдун катышуучулары. Бангкок. 19-май 2010

Тайланддык кызыл жегдечендердин лидерлери Бангкоктун ортосундагы алты жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциясын токтотушту. Анти-өкмөтчүл “Кызыл жегдечендер” кыймылынын жетекчилери бийликке багынды жана өз тарапкерлерин тарап кетүүгө чакырышты.

Лидерлердин бири Чатупхон Прампхон жаңы кан төгүүлөргө жол бербөө үчүн протест токтотулганын айтты. Экинчи лидер Наттхавут Сайкыа эрегишчилерди өкмөт берген автобуска түшүп, үй-үйлөрүнө тарап кетүүгө үндөдү. Анын алдында өкмөттүк күчтөр кызыл жегдечендердин Бангкоктун ортолугундагы баррикадалар менен курчалган лагерине чабуул жасады.

Аскерлер кызыл жегдечендердин Бангкоктогу лагерине басып кирүүдө. 19-май 2010

Маалыматтарга караганда, кагылышта бери дегенде алты адам, анын ичинде италиялык фотожурналист каза тапты. Ройтерс агенттиги үч граната жарылып, эки жоокер жана канадалык журналист жарадар болгонун билдирди. Тай армиясынын өкүлү Сансерн Каэвкамнерд жана кызыл жегдечендерди “террорчулар” деп атап, аскерлер ордо шаарда кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирди:

- Саат 13:45те биз протестчилерге кысым жасап, алардын лидерлерин жана террорчуларды акцияны токтотууга жана багынууга мажбурладык. Жалпы кырдаал көзөмөлгө алынды.

Эрегишчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылшууда. Бангкок. 15-май 2010

“Кызыл жегдечендер” марттын ортосунда Бангкокго кирип, ошондон бери Абхиситтин премьер-министрликтен кетүүсүн, парламентти таркатууну жана токтоосуз шайлоо өткөрүүнү талап кылып жаткан.

Алардын айтымында, Абхиситтин өкмөтү шаардык элитанын кызыкчылыгын коргоп, кыштак калкынын жана бей-бечаралардын муктаждыгына кайдыгер карайт. Козголоңчулардын көбү, кабарларга караганда, 2006-жылкы аскерий төңкөрүштө кулатылган премьер-министр Таксин Чиннаваттын тарапкерлери болду.

19-майдагы эрегишчилерге каршы операция ийгиликтүү бүткөнүн Тай өкмөтүнүн өкүлү Панитан Ваттанягорн маалымдады:

-Багкоктун алкагындагы, өзгөчө, Лумпини Парктагы коопсуздук операциябыз ийгиликтүү болду. Коопсуздук күчтөрү Лумпини Парктын тарабын контролдоп калды.

Бирок армиянын чабуулуна кыжырданган эрегишчилер Бангкоктогу килейген соода борборуна, Фондулук биржага, бир нече банктын имаратына, “Chanel 3 TV” телестанциясына жана башка жайларга өрт коюшту. Телестанциянын 100 чакты кызматкери өрттөн тикучардын жардамы менен куткарылды.

Удаа эле оппозиция жактоочулары жети провинцияда тополоң чыгарып, үч чоң шаардык өкмөттүн имаратын өрттөп жиберишти. Ушундан улам премьер-министр Абхисит Ветчачива шаршемби күнү кечки саат сегизден эртең мененки алтыга чейин Тайланддын 21 провинциясында коменданттык саат киргизди.

Соңку маалыматтар боюнча, Бангкоктогу өткөн бейшембиден берки кагылышта 40тан ашуун адам өлгөн жана 250дөн ашуун адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG