Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Таиландда кармалган куралдарга Казакстан да чалынды


Түндүк Кореядан жүктөлгөн мыйзамсыз каруу жарактарды ташып баратып, Бангкокто кармалган "Ил-76" учагы. Таиланд. 12-декабрь 2009
Түндүк Кореядан жүктөлгөн мыйзамсыз каруу жарактарды ташып баратып, Бангкокто кармалган "Ил-76" учагы. Таиланд. 12-декабрь 2009

Таиланддын соту Түндүк Кореядан мыйзамсыз каруу жарак ташып бараткан учактын экипажын дагы 12 күн абакта кармоо жөнүндө чечим чыгарды.

Экипаждын төрт мүчөсү Казакстандын, капитаны Беларус жарандары. Тергөө учакты грузиялык фирма октябрда Казакстандын менчик компаниясынан сатып алып, анан украиналык фирмага лизингге бергени аныкталды.

1999-жылы Казакстандын Түндүк Кореяга бир нече согуштук учак сатканы ашкере болуп, Коопсуздук кызматынын төрагасы Н. Абыкеев жана коргоо министри М. Алтынбаев кыска мөөнөткө кызматтан айдалган.



Бангкокто 12-декабрда кармалган учактын экипажы мыйзамсыз каруу жарак сактады, ташыган жүктөрү жөнүндө натуура маалымат берди жана Таиланд аркылуу мыйзамсыз каруу жарак алып өтмөк болду деп айыпталууда.

Таиланд. Азырынча эгеси такталып жаткан "Ил-76" учагынын пилоту(ортодо) Бангкоктогу сотто. 14-декабрь 2009
35 тонна каруу жарак, анын ичинде граната аткычтар, көчмө зениттик-ракеталык комплекс, ок-даары жүктөлгөн “Ил-76” учагы Бангкокто май куюп алуу жана дөңгөлөгүн текшерип алуу үчүн токтогондо Таиланд полициясы тарабынан кармалган. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши июндагы чечими менен Түндүк Кореянын жогоруда айтылган куралдарды сатуусуна тыйуу салган. Мындай чара Түндүк Корея ядролук программасын токтотпой, узак аралыкка учуучу ракета сынаганга байланыштуу киргизилген.

Кошмо Штаттардын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Таиланд бийликтеринин БУУнун санкциясына ылайык аракеттенгенине ыраазычылыгын билдирди:

-Тайланд өкмөтү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына жараша бул учакты текшергенине биз абдан ыраазыбыз. Тергөө эми гана башталды. Ошон үчүн тергөөнүн жүрүшүн комментариялоо мен үчүн туура болбойт.

Роебрт Блэйк бирок “Ил-76” мыйзамсыз курал ташып баратканы жөнүндөгү маалыматты таиланд тарапка АКШнын чалгындоо кызматы берген деген казакстандык басылмалардын кабарына түшүндүрмө берген жок.

Быйыл сентябрда да Түштүк Кореяда коммунисттик Кореяга таандык каруу жарагы бар төрт контейнер кармалган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Иляс Омаров дүйшөмбү күнү (14-декабрда) казак дипломаттары өз букараларын күрөөгө бошотуп алуунун аракетин кылып жатканын “Азаттыктын” Казак кызматына билдирди:

- Соттун биринчи жыйыны болду. Анын чечими 12 күндө чыгат. Биздин дипломаттык миссиябыз бул маселе менен алек. Төрт казак жараны кармалып, алар айыпталууда. Биздин дипломаттар жарандарды күрөөгө бошотуп алуунун аракетин кылышууда.

“Ил-76” учагынын учкучтары каруу жарак аткезчилигин жасады деген айыптоону мойнуна албай жатышат. Алардын Таиланд бийликтерине айтышынча, учакка “мунай бургулоочу жабдуулар” жүктөлгөн деп ойлошкон жана каруу жарак тартып баратканынан бейкабар болушкан.

Бангкок полициясы экипажга шилтеп, учак план боюнча Шри-Ланкада май куйганга токтошу керек экенин маалымдады. Ал эми учкучтар жүктү Жакынкы Чыгышта эгесине тапшырган соң Бириккен Араб Эмирлигинде, андан ары Азербайжанда май куюп алып, Украинага учуп бармак экен. Бул жөнүндө Таиланд өкмөтүнүн өкүлү билдирди.

Бул окуя экс-советтик өлкөлөргө шек тийгизди. Бангкокто курал менен кармалган “Ил-76ны” Казакстандын “Бейбарс” менчик компаниясы 7-октябрда Грузиянын Аir west Georgia авиакомпаниясына саткан. Аir west Georgia 5-ноябрда учакты Украинанын SP Trading компаниясына лизингге берген. Мунун баары ырасмий такталды.

Муну менен Казакстан каруу жарак аткезчилигине байланштуу чатакка экинчи жолу аралашууда. 1999-жылы Казакстандын Түндүк Кореяга бир нече согуштук учак сатканы ашкере болуп, Коопсуздук кызматынын төрагасы Нуртай Абыкеев жана коргоо министри Мухтар Алтынбаев кыска мөөнөткө кызматтан айдалган. Бирок бул экөө кийинчирээк кайрадан өкмөттүк жогорку кызматка кайтарылып, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Түндүк Кореядан мыйзамсыз курал ташыган учак кармалгандан бир күн мурда АКШнын атайын чабарманы Стефан Босуорт ядролук куралсыздандыруу боюнча алты жактуу сүйлөшүүнү кайра жандандыруу максатында Пхенянда болуп кайткан. Эксперттер “Ил-76” учагына байланыштуу чатак Пхеняндын алты жактуу сүйлөшүүнү улантуу тилегине жолтоо болбойт деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG