Борбордук шайлоо комиссиясы 21-майдан тарта райондук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө тренинг-семинарларды уюштурууда. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн “Достук” мейманканасында Бишкек шаарынын төрт райондук шайлоо комиссия мүчөлөрү үчүн окутуу иштери өткөрүлүп жатат. 27-июнда өтө турган референдумду уюштуруунун жол-жобосу боюнча аймактагы райондук шайлоо комиссия мүчөлөрүн окутуулар кийинки жумадан тарта башталат. (EK)