Бул тууралуу ИИМдин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынан маалымдашты. Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы өзгөчө абалга байланыштуу чектөө эми кечки 10дон таңкы 6га чейин белгиленип, эки саатка кыскартылды.
19-майдагы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Жалал-Абад шаарында жана Сузак районундагы түзүлгөн кооптуу кырдаалга байланыштуу кечки саат 8ден таңкы 6га чейин коменданттык саат киргизилип, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Б.Алымбеков комендант болуп бекитилген. Ал эми Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү И.Исаковго кошумча ыйгарым укуктар берилген.
19-майда Жалал-Абад шаарында болгон массалык башаламандык маалында эки адам көз жумуп, алтымыштай киши жарадар болгон. Чагымчыл күчтөр буга улут аралык чыр-чатак катары боек сүртүүгө аракет жасаганын байкоочулар белгилешүүдө. (GA)