Башкалаа Варшаванын мэри Вистула дарыясын жээктей жашаган тургундарды алардын үйлөрү суу алдында калаарын эскертти. Дем алыш күндөрү дарыядагы суу деңгээли жогорку чекке жетип, расмий маалыматтар боюнча, кеминде 15 киши мерт болду. Куткаруучулар суу алдында дагы адамдар болушу мүмкүн деп эскертүүдө.