Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Бүгүн А.Бекназаров маалымат жыйынын өткөрөт


Анда Убактылуу өкмөттүн кийинки он күндөгү иштеринин жыйынтыгы, сот, прокуратура тармагынын иштери тууралуу маалымат берип, өткөн аптадагы өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн үн тасмасына өз жообун берүүсү күтүлүүдө.
14-майда Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоп, Бакиевдердин коррупциялык жана рейдерлик кыңыр иштери боюнча жүз кылмыш иши ачылгандыгын, Орусиянын 300 млн. доллар кредитин ичип-жеген сүткорлук фактылары, андан сырткары энергетика, “Манас” аба майданы, банк сыяктуу тармактарда майлуу кызматтарды мыкчып жүргөн адамдардын мамлекеттин казынасына кол салып миллиондорду кымтыган фактылары чубалып чыгып жатканын баса белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG