Бүгүн Бишкектин Ала-Арча жаңы конушунун жаштары футбол талаасын түзүп, ага дарбазаларды, отургучтарды жана таштандылар үчүн үкөкчөлөрдү орнотот. Иш-чараны Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин (ЮСАИД) колдоосу менен жаңы конуштарда иш алып барган “Эреп” бей өкмөт уюму ишке ашырууда . Бүгүнкү иш-чарага ЮСАИДдин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Саламаттыкты сактоо боюнча адиси Нора Мадригал катышат. Ошондой эле жергеликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын лидерлери жана «Эрэп» уюмунун мүчөлөрү болушат.
Буга окшогон иш-аракеттер ушул айда Бишкектин «алтын шакеги» аталган бир катар жаңы конуштарда өткөрүлдү. Жаштар билим берүү жана социалдык иш-аракеттерге, коомду башкаруу боюнча тренингдерге, жаштар үчүн борборлорду оңдоого, балдар үчүн аянтчаларды курууга жана башка спорттук иш-чараларга, живопись жана бий класстарына катышышты. Бул иш-чаралардын алкагында жаштар курулуш, оңдоп түзөө, көркөм өнөр жаатында тажрыйба алышты. Мындай ишмердүүлүк жаштардын өздүк жөндөмдүүлүгүн ачууга, коомдун кызыкчылыгы үчүн жамаатта иштей билүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу ЮСАИДден "Азаттыкка" кабарлашты. (KE)