АКШ президенти Барак Обама Мексика булуңунун астында мунай бургулоого жарым жылга мораторий жарыямак болууда. Бул жөнүндө маалымат булактары Ак Үйдүн аты аталбаган кызматкерине шилтеп кабарлашты. Мораторий жарыялоо президент Обаманын деңизде мунай өндүрүүнү кеңейтүү планына каршы келет. Жээктен алыскы оффшордук аймакта кара май казууну көбөйтүү Обаманын энергетикалык программасынын негизин түзөт.
Ак Үйдүн бу кадамына “Бритиш Петролиум” компаниясынын Мексика булуңундагы мунай бургулоочу платформасында болгон жардыруудан кийин, деңизге эбегейсиз көп өлчөмдөгү кара майдын агып кетүүсү жана экологиялык чөйрөгө келтирилген үлкөн зыян себеп болууда.