Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстан элчилигинде кечээ өткөн кыргыз уюмдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушууга “Москвадагы кыргызстандыктардын союзу”, “Ала-Тоо” коомдук уюму, “Достук” коомдук фонду баштаган бир катар уюмдардан өкүлдөр катышты. Элчиликте өткөн жолугушууда Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун тексти, Убактылуу өкмөттүн 27-июнда өтө турган референдумга байланыштуу декрет, токтомдору таратылды. Чогулгандар Орусиядагы кыргыз жарандарынын шайлоо тизмесин тактоо боюнча макулдашып тарашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн маалымдады. (EK)