Иран реформисттеринин вебсайтында жарык көргөн маалыматка ылайык, оппозиция лидерлери Мир Хосейн Мусави жана Мехди Карруби талаштуу президенттик шайлоонун 1 жылдыгына карата демонстрация өткөрүүгө уруксат сурашты. 2009-жылы 12-июнда шайлоонун экинчи айлампасына президент Махмуд Ахмадинежад чыкканда өлкө аймагы боюнча ири демонстрациялар тутанган эле. Оппозиция шайлоо Ахмадинежаддын пайдасына бурмаланган деп ырастап келген. Бийлик демонстрацияларды басууга аракеттенип, кеминде 80 киши каза болгон, 100гө чукул адам камакка алынган. Былтыркы шайлоого талапкерлигин коюшкан Мусави менен Карруби ирандыктарды добуш берүүнүн бир жылдыгында нааразылык акциясын өктөрүүгө үндөшүүдө.