Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Түркмөн банкынан акча уурдаган ишкер соттолду


Москва шаарынын райондук соту ишкер Савелий Бурштейнди 6 жылга эркинен ажыратты. Ал 2002-жылы Түркмөнстандын Борбордук банкынан 20 миллион доллар уурдагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бурштейн кирген топтун мүчөлөрү электрондук банк системасын жана банк номерлерин пайдалануу менен миллиондогон долларды Түркмөнстандан чет өлкөлөргө которушкан. 2003-жылы Бурштейнди камакка алуу жөнүндө эларалык ордер чыгарылып, ишкер 2008-жылы Чехиянын аймагында колго түшүрүлгөн жана Россияга жөнөтүлгөн. Мыйзам боюнча Түркмөнстан андан 20 миллион долларды талап кылууга укуктуу.

XS
SM
MD
LG