Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Чехия: "Балдар себети" 31 наристенин өмүрүн сактады


Чехия. Прагадагы балдарды таштап кетчү куту жай.
Чехия. Прагадагы балдарды таштап кетчү куту жай.

Жаңы төрөлгөн наристелерди калтырып кетүү кеңири жайылган көрүнүш. Илгери Европа өлкөлөрүндө аялдар наристесин чиркөөгө, кечилканага же себетке салып, базарга таштап кетчү.

Чехиядагы алгачкы “Балдар себети” 2005-жылы 1-июнда Эл аралык балдар күнү Прагадагы жеке менчик медициналык борборлордун биринде ачылган. Быйыл 1-июнда Чехиядагы 36-чы “Балдар себети” Польшага чек аралаш Яблонес над Ниса шаарчасында ачылды.

Бөбөктөрдү калтырып кетчү куту жайды же “Балдар себетин” негиздөөчү Людвик Гесс беш жылда себет 31 баланы сактап калганын айтып, мына бул окуяны эстейт:

Чехия. Бөбөк кезинде "Балдар себебине" калтырылган наристелердин бири. 1-июнь 2010

-Эки же үч жыл илгери доктор Новак борбордун сыртында чылым тартып туруп, велосипедине куту жүктөп бараткан жигитти көрөт. Бир мүнөт өтпөй “Балдар себети” шыңгырады. Доктор Новак жүгүрүп чыгып, себеттин ичинен жаңы төрөлгөн баланы көрөт. Аны калтырган велосипедчен киши узап бараткан экен.

Гесстин сөзүнчө, “Балдар себети” Чехияда обол ачылганда ага каршылар да көп болгону менен акырындап долбоордун колдоочулары көбөйгөн. Таштанды наристелер калтырылчу себеттер Австрия, Швейцария, Германияда бар. Бирок кеңири жайылган эмес.

Наристенин улутун аныктап болбойт. Анткен менен Людвик Гесс бөбөктөрдү көбүн эсе Украина жана башка өлкөлөрдөн келип убактылуу иштеп жүргөн кыз-келиндер таштап кетиши ыктымал деп боолгойт.

Балдар күнүнүн эмблемасы. Армения. 2010

Чехияда таштанды балдардын камын көрчү “Муктаж балдар фонду” да бар. 1990-жылы түптөлгөн бу фонд кароосуз калган, ата-энеси уруп сабагандан улам үйдөн качып кеткен жана жетим балдардын камын жейт. Фонддун “Кенгуру” деген программасынын алкагында үй-бүлөлөр менен каалаган адамдар жетим же кароосуз балдарды убактылуу алып, ата-энелик мээримин бөлүшөт.

Прагадагы“Кенгуру” үйүндө 14 жашар Давид менен анын 6 жаштагы карындашы Бренда тарбияланууда. Бренданы ата-энеси эми тай-тай басып калганда таштап кеткен. Давид ата-энесинин запкысынан качып, үйдөн качып кеткен. Бир нече үй-бүлө Бренданы багып алууга даяр. Бирок ал агасы жок эч жакка барууну каалабайт. Азыр Чехияда жети “Кенгуру” үйү бар. “Муктаж балдар фондунун” башчысы Мария Водичкова “Кенгуру” программасы балдарга өз ата-энесинен кем эмес кам көрөрүн айтат:

- Өкмөттүк балдар үйлөрүнөн айырмаланып, биздин бөбөктөрүбүз келген адамдын баарына жабышпайт. Наристелердин жанында жумалап күн-түн бою болгон адамга алардын жүрөгү жибип, дитин беришет. Себеби “Кенгуруда” кадим үйдөгүдөй жагдай түзүлгөн.

Водичкованын айтымында, көпчүлүк ата-энелер балдарын сүйбөгөндөн эмес, бага албагандан таштап кеткен жана таштанды балдардын төрттөн биринин ата-энесинде там-жайы жок экен.

XS
SM
MD
LG