Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ШКУнун саммитине Кыргызстандын өкүлү дагы катышуусу күтүлүүдө


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитине Убактылуу өкмөттөн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев барып катышары тууралуу маселе каралууда. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине Убактылуу өкмөттүн атынан Руслан Казакбаевди катыштыруу тууралуу маселе ШКУнун мүчөлөрү менен чогуу талкууланып чечилгенин Кытайдын Тышкы иштер министринин жардамчысы Чэн Гопин жума күнү билдиргенин РИА Новости агенттиги маалымдады.
ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити 10-11-июнда Ташкент шаарында өтөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG