Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Р.Отунбаева Таласта иш сапары менен жүрөт


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева бүгүн Талас облусуна жасаган иш сапары учурунда “Өзөн-Ата” май-быштак заводуна барып, анын жумуш жамааты менен жолугуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Р.Отунбаева иш сапары учурунда апрель окуясында талкаланган облустук администрациянын имаратын көрүп чыкты. Ушул тапта Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин залында Роза Отунбаева облус тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат. Жыйында конституциялык реформалар туурасында Адилет министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова маалымат берди. Р.Отунбаеванын Таластагы иш сапары учурунда облустун тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугары айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG