Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Израил Газага бараткан кемеден активисттерди депортациялап жатат


Камоодогу Газага жардам алып бараткан кемени эл аралык суулардан израилдин аскерлери кечээ кармап, жүздөгөн тонна гумжардамды издаилдик портко алып кетишкен.

Активисттердин бири, малайзиялык Ахмед Фаиз ал-Азумо буларды билдирди:

Биз Газага жардам жеткире албай калганыбызды бүт дүйнө билип турат. Биз дүйнө жарандары, эл аралык коомчулук эмбаргону, Газанын үч жылдан берки блокадасын токтотууну талап кылат деп үмүттөнөбүз. Газанын эли дүйнөдөгү башка элдерден, адам катары жашашсын.

Кабарларга караганда, кемедеги 11 активист жана сегиз кеме кызматкери өз мекендерине кайтууга макул болушту, бирок дагы бир нечеси Израилде аппеляциялык иштер менен кармалышы мүмкүн. Алар бараткан кемеде жүздөгөн тонна жардам, анын ичинде майыптардын арабалары, дары-дармек, цемент болгон.

XS
SM
MD
LG