Бириккен Улуттар уюмунун Өзөктүк кубат боюнча агенттиги - МАГАТЭнин 7-июнда Венада башталган жыйынында каралчу негизги маселе - Ирандын өзөктүк программасы. МАГАТЭнин 35 мүчөлүү башкаруучулар кеңешинин жыйыны БУУнун Коопсуздук кеңеши - Иран уранды байытууну токтотпосо - Тегеранга каршы жаңы санкция киргизүүгө каманданып жаткан чакта өтүүдө. МАГАТЭ өткөн аптада жарыялаган иликтөөгө караганда, Иран медициналык изилдөөлөргө пайдаланылат деген жүйөдө 6 килограмм байытылган уран өндүргөн. Батыш өлкөлөрү Иран байытылган уранды атомдук бомба жасоого пайдаланат деп кооптонушат.