Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Израил өз иши үчүн жооп берүүгө тийиш


Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Стамбулда өтүп жаткан Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары кеңешмесин Анкара Израилге кысым жасоону күчөтүү үчүн пайдалангысы келет.Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу кеңешмедеги сөзүндө эгер Израил 31-майдагы окуяны териштирүү үчүн эл аралык комиссия түзүүгө макул болсо, анда Анкара менен позитивдүү алакаларын сактап каларын, кокус бул сунуштан баш тартса, анда эки тараптын мамилелерин ордуна келтирүү тууралуу сөз да болбой турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG