Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Муфтий Сүйүн ажы Кулуевди сабап кетишти


Бул тууралуу аты-жөнүн атабаган карындашы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ ынтымак курултайында бейтааныш он чакты бала келип Сүйүн ажыны ур-токмокко алышкан. Бел, бөйрөгүнө катуу сокку урулуп, мээси чайкалган Сүйүн ажы Кулуев ооруканага жаткырылганын белгилеп, бирок кайсы ооруканага жаткырылганын айткан жок.

Ал эми Муфтияттын маалыматына караганда, 6-июнда белгисиз адамдар Муфтияттын кеңсесине барышып Сүйүн ажы Кулуевди "кызматыңан кет, башка муфтий шайлайбыз",-деп катуу сабап кетишкен. Бул маселе боюнча бүгүн Уламалар кеңешинин чоң бөлүгү жыйын өткөрүшөт.

ИИМдин басма сөз кызматы болсо Сүйүн ажы Кулуев жабыркагандыгы тууралуу арыз жазып Ички иштер органдарына кайрылбаганын, азырынча бул окуя боюнча кандайдыр бир маалымат бере алышпастыгын билдиришти.

Мурдагы муфтий Мураталы-ажы Жуманов 7-апрелдеги кандуу окуядан соң муфтийлик кызматын өз арызы боюнча тапшырып бергендан кийин, аны да белгисиз адамдар күч менен шаар четине алып барышып, ири көлөмдөгү акча талап кылышканы маалымдалган.

Мураталы ажыдан кийин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Абдышүкүр ажы Нарматов да бул милдеттен бошотуу боюнча арыз жазып берген.

Муфтиятты жетектөө милдети муфтийдин 1-орун басары Сүйүн-ажы Кулуевге жүктөлүп, жаңы муфтий Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайында шайланары эскертилген болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG